ЖАМК Жазаларды аткаруу инспекциясынын аскер кызматкерлери менен жолугушуу

2018-жылдын 22-февралында ЖАМК жазаларды аткаруу инспекциясынын кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууга Нарын шаарында жашаган кызматкерлер жана Нарын облусунун райондорунан келген өкүлдөрү катышышты. Катышуучуларга Мамлекеттик гарантиялар программасы, ал Программа боюнча жарандарга каралган женилдиктер, женилдетилген баадагы дары-дармек менен камсыз кылуу, камсыздандырылбаган жарандар жана кош бойлуулугу боюнча каттоодо турган аялдарга берилуучу ММК Полистери …

Читать далее…

Нарын облустук бириктирилген ооруканасында ММК Фондунун 2017-жылдын 30-декабрындагы № 363 “Дарыланып чыккан учурга акы төлөөнүн шарттарын оптималдаштыруу жөнүндө”буйругун талкуулоо

2018-жылдын 20-февралында Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын дарыгерлери, статистикалык жана кабыл алуу бөлүмдөрүнүн медициналык кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондунун 2017-жылдын 30-декабрындагы № 363 Буйругу, о.э., 2018-жылдын 6-февралындагы №44 Буйругу аркылуу кирген өзгөртүүлөр талкууланды. Дарыгерлердин көңүлү КСФны туура, инструкцияга ылайык толтурууга бурулуп, өзгөчө көңүл …

Читать далее…

Нарын облусунун саламаттык сактоо мекемелеринин финансы кызматкерлери үчүн Казынанын IS Инфо-Система тутуму боюнча окуу тренинги

КР Өкмөтүнө караштуу ММК Фондунун 2018-жылдын 5-февралындагы № 42 буйругунун негизинде 2018-жылдын 14-февралында Нарын шаарында Хан-Тенгри комплексинде саламаттык сактоо мекемелеринин финансы кызматкерлери үчүн Казынанын IS Инфо-Система автоматташтырылган маалыматтык тутумунда иштөөнү үйрөнүү боюнча тренинг өткөрүлдү. Тренинге КР Өкмөтүнө караштуу ММК Фондунун Экономика жана каржы башкармалыгынын башчысы Борчубаева Г.Ш., ЭКБ-нын жетектөөчү адиси …

Читать далее…

Педагогика колледжинин студенттерине жана мугалимдерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

2018-жылдын 9-февралында ММК Фондунун Нарын аймактык башкармалыгынын адистери тарабынан Нарын педагогикалык колледжинин студенттери менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушуу убагында окутуунун күндүзгү бөлүмүндө окуган 21 жашка чейинки студенттер окуган жеринен алынган справканын негизинде камсыздандырылган жарандар катары Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында тиешелүү жеңилдиктерге ээ болоору айтылды. Жолугушууга окутуучулар да катышып, алар тараптан түшунбөгөн …

Читать далее…