2018-жылдын 9-айынын жыйынтыгы менен өтүлгөн Тегерек стол

2018-жылдын 28-ноябрында ММК Фондунун Нарын аймактык башкармалыгында Нарын облусундагы Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилери жана башкы бухгалтерлеринин катышуусу менен Тегерек стол уюштурулду. Анда Саламаттык сактоо мекемелеринин 2018-жылдын 9-айындагы ишмердүүлүгү, анын ичинде финансылык абалдары талкууланды. Мындан сырткары ММК Фондунун жаңы багыттары боюнча — медициналык кызматтын сапатын баалоонун негизиндеги кызыктыруучу төлөмдөр, үй-бүлөлүк медицина адистеринин айлык акысынын көтөрүлүшү боюнча маалымат берилди. Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча жеңилдетилген баадагы дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча жыл аягына чейин рецепттерди жазууну күчөтүү менен бөлүнгөн акча каражатын толук пайдалануу жагы саламаттык сактоо мекемелерине катуу эскертилди.

сайтка

Comments are closed