Үй-бүлөлүк медицина адистеринин айлык акысына кошумча төлөм боюнча окутуучу семинар

2018-жылдын 24-октябрында Нарын облусундагы баштапкы медициналык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилери, финансылык кызматкерлери жана үй-бүлөлүк дарыгерлерине КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-сентябрындагы № 451 Токтомунун негизинде, күбөлүгү бар үй-бүлөлүк дарыгерлер  (жалпы практика дарыгерлери) жана үй-бүлөлүк медайымдарга акы төлөөнүн тартиби боюнча окутуучу семинар өткөрүлдү. Семинарга КР Өкмөтүнө караштуу ММК Фондунун Төрагасы М.Т.Калиев, КР Саламаттык сактоо министри К.Чолпонбаев, ММК Фондунун жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин адистери, ММК Фондунун Нарын аймактык башкармалыгынын директору Шамеева С.А. жана адистери катышышты. Катышуучуларга үй-бүлөлүк дарыгер жана үй-бүлөлүк медайымдарга айлык акы төлөөнун жаңы шарттары, үй-бүлөлүк дарыгерлер үчүн ишинин жыйынтыгы менен  киргизилген индикаторлор тууралуу маалымат ММК Фондунун Нарын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан даярдалып, слайддар түрундө көрсөтүлүп, мисалдардын жардамы менен түшүндүрүлдү. Саламаттык сактоо мекемелелеринин кызматкерлери тарабынан көптөгөн суроолор берилип, аларга жооптор берилди.

44985042_250679798939420_2389501026450276352_n (1)

Comments are closed