Облустук медициналык Кеңеш

2019-жылдын 30-январында Нарын облусундагы саламаттык сактоо мекемелеринин 2018-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган медициналык Кеңеш өткөрүлдү. Ага КР Саламаттык сактоо министрлигинин, КР Өкмөтүнө караштуу ММК Фондунун, КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн, ММК Фондунун Нарын аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү, саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилери жана дарыгерлер катышышты. Саламаттык сактоонун Нарын облусу боюнча координаторунун жана ММК Фондунун Нарын аймактык башкармалыгын директорунун докладдары угулуп, андан кийин талкуу жүргүзүлдү. ММК Фонду тарабынан 2018-жылы киргизилген медициналык мекемелердин ишмердүүлүгүн Баалоо картанын негизинде баа берүү методу, үй-бүлөлүк медицина адистерине индикаторлордун негизинде кошумча финансылык стимул берүү киргизилгендиги айтылды. Мындан сырткары, эне өлүмү көрсөткүчү, кургак учук, бруцеллез ж.б. инфекциялык оорулардын абалы тууралуу  талкуу жүргүзүлүп, жыл ичинде ишинде кемчиликтерди болтурууга жол берген мекеме жетекчилерине тиешелүү административдик чаралар көрүлдү.

20190130_124341

Comments are closed