КРнын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237 “Жыл сайын эл аралык балдар, улгайган адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коргоонун күнүн өткөрүү жөнүндөгү” Токтомун ишке ашыруу максатында КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Нарын шаардык мэриясынын демилгеси менен 3-декабрь – ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Нарын облустук музыкалык драма театрында “Биз биргебиз!” аталыштагы иш-чара уюштурулду. Бул иш-чарага КРнын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондунун Нарын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери катышып, социалдык колдоого алынган 11 адамга, анын ичинен 7 балага өзүлөрүнүн 9 500 сомдук материалдык колдоолорун көргөзүштү. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды өз камкордугуна алган “Өмүр шамы”, “Бекен”, “Насип Кайып”, “Ардак ордо”, “Баястан” коомдук бирикмелеринин жана “Кадам” реабилитациялык борборунун жетекчилерине ыраазычылык каттарын беришти.
Сайттан издөө
Материалдар архиви
Иштөө графиктери
Күндөрү: Дүйшөмбү-Жума Убактысы: 9.00-18.00
Түштөнүү: 12.30-13.30Бизге кантип барса болот
Шилтемелер