Медициналык кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштер жүргүзүү

2018-жылдын 21-ноябрында ММК Фондунун Нарын аймактык башкармалыгынын адистери Нарын облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунун медициналык кызматкерлерине Мамлекеттик кепилдиктер программасына КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-сентябрындагы №420 Токтомунун негизинде киргизилген өзгөртүүлөр боюнча маалымат берип, ар бир пунктка кеңири токтолуп, ҮМБ деңгээлинде көрсөтүлүүчү медициналык кызмат  талкууланды. Мындан сырткары, Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында 5 нозологиялык ооруларга (терминалдык стадиядагы онкологиялык оорулар, эпилепсия, бронхтук астма, параниддик шизофрения жана обсессивдик-компульсивдик бузулуштар) максатында МКП рецепттерин жазууну күчөтүп, жыл менен бөлүнгөн акча каражатын толук колдонуу жагы тапшырылды.

20181121_151421

 

Comments are closed.