Маалымат компаниясын өткөрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ММК Фондунун 2018-жылдын 26-сентябрындагы №300 Буйругун аткаруу максатында 2018-жылдын 12-ноябрында ММК Фондунун Нарын аймактык башкармалыгы тарабынан Нарын облусундагы мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусунда мультимедиялык басма сөз-конференциясы уюштурулду. Басма сөз-конференцияга: Нарын телерадиокомпаниясынын, республикалык “Кыргыз Туусу”, облустук “Тенир-Тоо” газеталары, “Акипресс” маалымат агентствосунун журналисттери жана Нарын шаарынын пресс-катчысы катышышты.  Иш-чаранын жүрүшүндө ММК Фондунун негизги багыттары боюнча, анын ичинен ММК Фондунун Нарын аймактык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берилди. Басма сөз-конференциянын катышуучулары берилген маалыматты кызыгуу менен угуп, көптөгөн суроолорду берип, жоопторду алышты. Иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгүндө катышуучулар өзүлөрүнүн оң бааларын беришти.

пресс конференция

Comments are closed.