«Күн чырагы» коомдук бирикмесинин мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын Жаңы жылы менен куттуктоо

2018-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү  медициналык  камсыздандыруу  Фондунун Нарын  аймактык башкармалыгынын   кызматкерлери, директор С.Шамееванын  жетекчилиги  астында  Жаңы Жылдык маанай тартуулоо максатында Жакыева Шакен жетектеген  “Күн чырагы” майып балдардын коомдук бирикмесине  барып  балдарга даярдалган майрамдык кече өткөрүштү. Майрамда  С.Шамеева сөз алып сүйлөп, балдарды Жаңы 2019-жыл менен куттуктап, аларга бекем ден-соолук, бактылуу балалык каалоо менен бирге Ыразычылык кат жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга Аяз Атанын белектерин, ар кандай таттууларды 2500 сомго таратышты.

28.12.18сайтка

Comments are closed