Жумгал районунун тургундары жана ҮМБ кызматкерлери менен болгон жолугушуу

2017-жылдын 13-ноябрынан 22-ноябрына чейин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ММК Фондунун Нарын аймактык башкармалыгынын адистери, Жумгал АО, Миң-Куш ЖДПБ жана Жумгал ҮМБна караштуу айылдарда: ҮДТ № 2 Кыз-Арт, ФАП Таш-Дөбө, ФАП Чоң- Дөбө, ҮДТ №4 Бокчубаев медициналык мекемелеринде текшерүү иштерин жүргүзүштү. Биздин адистер ушул айылдын тургундары жана ден-соолук комитеттери менен айыл өкмөттүн катышуусунда жолугушууларды жүргүзүштү. Жолугушууларда Мамлекеттик кепилдиктер программысы боюнча жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Айыл тургундары тарабынан жеринде дарыканалардын жок болгондугуна байланыштуу суроолор көп берилди. Жеңилдетилген дары-дармектерге жазылган рецепттер жөнүндө толук жооп алышты. ММК боюнча буклеттер таратылды. Кошумча маалыматтарды ММК Фондунун жана Нарын аймактык башкармалыгынын сайтынан  , ишеним телефону 5-04-64 номери аркылуу жооп алса болоору айтылды

 

12

Comments are closed