Жумгал жана Кочкор райондорундагы түшүндүрүү иштери

2018-жылдын 13-декабрынын 16-декабрына чейин  ММК Фондунун Нарын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери Жумгал жана Кочкор райондук Үй-бүлөлүк медицина борбору жана аймактык ооруканаларын пландуу текшерүү учурунда райондук мамлекеттик администрацияларынын кызматкерлерине райондордун акимдеринин социалдык маселелер боюнча орун басарларынын катышуусунда,Чаек айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, ошондой эле Чаек айылындагы А.Өмүралиев атындагы №26 кесипчилик лицейинин окуучулары жана мугалимдери арасында медициналык кызмат алуунун Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Жолугушуулар учурунда Мамлекеттик кепилдиктер программасына киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу, амбулатордук шартта жеңилдетилген баада дары-дармек менен камсыз кылуу, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Полисинин баасы 1200 сом болуп өзгөргөндүгү, 113 Ыкчам байланыш номери тууралуу кеңири маалымат берилди.

Кочкор Жумгал

Comments are closed.