Ак-Талаа районундагы калк менен жолугушуулар

2018-жылдын 15-ноябрында ММК Фондунун Нарын аймактык башкармалыгынын адистери Ак-Талаа райондук администрациясынын, Баетов айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүп, Мамлекеттик кепилдик программасына 2018-жылдын сентябрь айындагы кирген өзгөрүүлөр, амбулатордук шартта жеңилдетилген баадагы дары-дармек менен камсыз кылуу, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Полисинин жаңы баасы, Ыкчам байланыш телефону тууралуу маалымат беришти. Жолугушууга Ак-Талаа районунун акиминин орун басары К.Карагулова, Ак-Талаа райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Р.Мамашарипов да катышып, аларга биздин адистер тараптан Ак-Талаа районунун айылдарында дагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун  Кошумча программасынын жана Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагындагы жеңилдетилген баадагы дары-дармек менен камсыз кылуучу дарыканаларды ачуу маселеси көтөрүлүп, бул багытта чогуу иш алып баруу жагы сүйлөшүлду.

Мындан сырткары,  15-16-ноябрда Ак-Талаа райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун жана Ак-Талаа аймактык ооруканасынын медициналык кызматкерлерине Мамлекеттик кепилдиктер программасына киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу презентация көрсөтүү аркылуу түшүндүрулүп, түшүнүксүз жерлери талкууланып, мындан ары Мамлекеттик кепилдиктер программасына киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен иш алып баруу жагы айтылды.
Ошондой эле Ак-Талаа райондук ҮМБнун үй-бүлөлүк дарыгерлери арасында индикаторлордун негизинде кошумча айлык акыны иштеп табуу механизмин, 9 индикаторго кенен токтолуп, слайддардын жардамы менен түшүндүрүлүп берилди. Ал эми Ак-Талаа аймактык ооруканасынын дарыгерлерине Дарыланган учур маалымат базасынын анализин кантип жасоо керектиги көрсөтүлүп, үйрөтүлдү.

1221

Comments are closed